23-сентябрь.Тил майрамы
" Элдин түбөлүктүүлүгү анын тилинде"- деп улуу Айтматов айткандай, элибизди эл кылып, улут катары тааныткан эн белгибиз, бул эне тилибиз-Кыргыз тили. "Улут болсом, тилим менен улутмун", "Эне тилсиз эл болбойт", "Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун"-деген таамай сөздөр бекер, тегин жерден айтылбаса керек.
Кыргыз тилибиз-биздин Эне тилибиз. Кыргыз эли, анын урпактары үчүн улуу тил, ыйык тил. Ушул тилде Манас атабыз ураан чакырып, душмандардан эл, жерин коргоп келген. Ушул тилде улуу океандай чалкыган, дүйнөдө теңдешсиз "Манас" эпосу жаралса, ушул тилде улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун канаттуу чыгармалары асман- жерде көкөлөп учту. Энебиздин ак сүтү менен бирге бешиктен алдей ырын укканбыз. Эне тил- эне сүтү менен кулагыбызга кумдай куюлган. Демек, Эне кандай ыйык болсо, Эне тили да ошондой ыйык, ошондой улуу. Эне тилди сүйүү, аны урматтоо-ар бирибиздин парзыбыз, милдетибиз. Кыргыз Республикасынын Эне тили- Кыргыз тили. Ал тарыхтын нечен түрлүү ташпишине кабылып, " Манаста" айтылгандай, тоо бузулуп сай болуп, сай бузулуп тоо болуп, нечендеген тоскоолдукка карабай, алга татыктуу кадам шилтеп, бүгүнкү күндө Мамлекеттик тилге айланып отурат. Элди мамлекет катары тааныткан-анын тили. Кыргыз тилинин тагдыры-кыргыз улутунун тагдыры. Тилди сактасак, улутту сактайбыз.
Адабий тилдин калыптануусуна, улуттук тилдин грамматикасын, жазуу нормаларын иштеп, алфавит түзүүдө Э.Арабаев, С.Карачев, К.Тыныстанов, Кусеин Карасаев, Сатыбалды Нааматов, З.Бектенов, Ташым Байжиев сыяктуу көч башы окумуштууларыбыздын эмгегин айтпай, даңазалабай коё албайбыз. Биз бул аталарыбызга тизе бүгүп, башыбызды ийип, таазим кылышыбыз керек.
Саналуу күндө, 23-сентябрь- Тил майрамы. .Мындан туура 35 жыл мурун, 1989- жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети "Кыргыз ССРинин Мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамын кабыл алып, анын негизинде кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. 2004- жылы ЖКтин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда Кыргыз тили-Мамлекеттик тил, орус тили- расмий тил деп жарыяланган.
Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши коомдун руханий жаңылануусуна, ой жүгүртүүнүн өзгөрүшүнө, эне тилдин баа-баркынын көтөрүлүшүнө зор салым болду. Улуттун жүзү, улутту улут катары көрсөткөн бүгүнкү тил майрамы-бул улуттук майрам. Бул майрамдын башка майрамдардан чоң айырмасы- улут экенибизди таануу, тилдин улуулугун таануу, тилдин келечегин таануу.
Дагы да улуу Айтматовго кайрылабыз." Тил- бул ар бир элдин каны-жаны, тил-анын тажрыйбасынын, дүйнө таануусунун, маданиятынын, тарыхынын ашташуусу, акырында, тил- улуттун кубанса-кубанычы, кайгырса кайгысы жана акыл эси"- деп таамай белгилегени чындыктын ачкычы эмеспи. Улут өз тилинде өзүн-өзү тааныйт жана өзгөлөргө таанытат.
Тил эч убакта зордук-зомбулук менен өсүп өнүкпөйт. Куш эки канаты менен учат. Кокус бир канаты жабыркап калса, уча албайт. Ошол сыяктуу тилди өнүктүрүүдө мугалим менен ата-эне бирдей аракет кылуусу керек. "Ата-энемдин көөнү болбосо, мен кантип чүкө утмак элем"- дегендей тилдин баркынын кетишине эң биринчи ата-эне күнөөлүү деп ойлойм. Себеби бала төрөлгөндө эне сүтү менен бирге баланын тилин орусча чыгарат, орусча бала-бакчага берет. Баланын улуттук сезимин, улуттук тилин сүйүүсүн, урматтоосун өчүрөт.
Орусча тарбия- таалим билсе эле, маданияттын туу чокусуна чыкчудай сезишет.
Азыр балдар китеп, газета-журнал окубай, телевизор да көрбөй калышты. Суткадагы 24 сааттын 10 сааттан ашыгы телефон, смартфон менен өтөт.
О.э. 1 млн.ашык кыргыздар четте миграцияда жүрүшөт. Бул жердеги балдар кыргыз тилин билбей жатса, алар жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес. Демек, тилин билбесе, элин билбейт.
Кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн интеллигенция, коомчулук, филолог илимпоздор кызыктар болуп, тил маселесинин олуттуу экенин ар дайым эскертип туруусу керек.
Дагы да, биз жашап турган жер кыргыз деген түптүү улуттун борбору экенинде. Өзбек, Тажик, Кытай, Түркия, Ооганстан мамлекетинде жашап, күн кечирип жаткан бир боордошторубуз бизди карап, үлгү тутуп турушат. Мына ушул биз жашап турган жерде гана, бизге, кыргыз тилин өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү берилген. Кыргыз тили, кыргыз маданияты ушу өз жеринде өнүгө албаса, башка эч жерде өнүгө албайт.
А биз болсо, өз төрүбүздө, өз очогубузда кыргыз тилин сыйлай албай жаткандыгыбыз өкүнүчтүү.
Кыргыз тил-кыргыздын тили, Манас менен Чыңгыздын тили, келечек муун, урпактын тили. Биз ушул тилдин нукура ээси бололу.
Сөзүмдүн аягын таланттуу акын Алтынбек Исмаиловдун ыры менен бүткөргүм келет:
Тилсиз элдин тукуму курут болгон,
Тилин сактап калган эл улут болгон.
Ата салтын, мурасын унуткандар,
Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон.
Ташты сыгып, тарыхты тапкым келет,
Тилимди мен туу тутуп, өпкүм келет.
Эне тилин эсирип, чангандарды,
Эне тилде ашатып. сөккүм келет.
Бүгүнкү Улуу майрам-Тил майрамыңыздар кут болсун.
РАХМАТ!